Тазабек Икраимовдун деңгээли жогорубу же Арстан Алайдыкыбы?

Тазабек Икраимовдун деңгээли жогорубу же Арстан Алайдыкыбы?

Бүгүн, 24-октябрда, Жогорку Кеңеште Арстан Алайдын айткандары боюнча кайрадан сөз козголду. Анын билдирүүлөрүнө чара көрүү маселесин депутат Тазабек Икрамов көтөрүп чыкты. «Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек!”,-деди.

Арстан АЛАЙ: “Эч кандай террористтик иш кылган жок элем”

Эскерте кетсек, коомдук ишмер Арстан Алай 1-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, өзүн Кудаймын деп жарыялаган. Ошондой эле ал: «президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин башкара албайт жана адамзатты сактай албайт. Себеби, ал 21-кылымдагы ааламдын күчүн түшүнбөйт. Ошондуктан тынчтык жолу менен элди кыйнабай, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калышы керек»,-деп айткан.

16-октябрда, парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган. Анда Арстан Алай жөнүндө сөз болуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов анын айткан сөздөрү экспертизага жөнөтүлгөнүн айткан. Ошол эле күнү Арстан Алайга кайрылып, кандай кабыл алганын сураганыбызда ал: “экспертизанын жыйынтыгын күтөлү”,-деп, эч кандай террористтик иш кылбаганын айткан.

Коомдук ишмер жана ишкер Арстан Алайдын (Абдылдаевдин) кесиби экономист, жогорку билимдүү адис. Армияда болгон, андан келгенден кийин “Ат-Башы райондук керек-жарак” коомунда сатуучу болуп иштеген. 1994-2000-жылдары кыргыз-кытай ишканасын жетектеген, 2000-жылы күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу «Ауирдин» компаниясын негиздеген. «Элдик академияны» жана «Эл үчүн» саясий партиясынын жетекчиси. Эки жолу президенттик шайлоодо ат салышкан.

Элвира САТЫБЕКОВА: “Биз дагы Кудайбыз, бизге да иш козгошсун!”

18-октябрда Арстан Алайдын айткан сөздөрү үчүн ага кылмыш иши козголгону тууралуу Бишкек ШИИБ билдирген. Ага жиндери келген Арстан Алайдын тарапташтары кечээ, 23-октябрда «АкиПрессте» журналисттерге жыйын өткөрүшүп, анда алар өзүн Кудай деп атаган кишини куугунтукка алып, кылмыш ишин козгоп жаткандары туура эместигин, саясий негизде козголуп жатканын баса белгилешкен. “Кыргыз элибиздин, дегеле жердеги ар бир кыргыз Кудай. Биз дагы Кудайбыз, бизге да иш козгошсун”,-деп айтып, бүгүн 24-октябрда Биринчи май райондук бөлүмүнө аларга иш козгошун талап кылып барышарын, эгер козгобосо, 25-октябрда Башкы прокуратурага барышаарын айтышкан.

Тазабек ИКРАИМОВ: “«Гомосексуализм» деген сөздү туура эмес айтып алдым, эмоциямды кармай албай…”

Учурда Арстан Алай ушундай нерселери менен элдин эсинде калууда. Ал эми эми депутат Тазабек Икраимов кайсы сөзү менен элдин эсинде калган айта кетели.  Эсиңиздерде болсо керек, Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү жазында (8-мартта) өткөн. Анда феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болуп, коомчулуктун кыжырын келтирген. Ал маселени парламент 13-мартта карап, депутаттар бул жүрүштүн уюштуруучулары жана максаттары тууралуу УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнүн маалыматын уккан. Ошондо депутат Тазабек Икрамов аларга суроо берип жатып, «гомосексуализм» сөзүн шар айта албай, социалдык түйүн колдонуучуларынын сынына кабылган. Ал сынга шар айталбай калганын журналисттерге шылтаган эле. «Айрым журналисттер менин гомосексуализм жөнүндө айткан пикиримдин үзүндүсүн кесип, түрдүү ракурста беришти. Ооба, мен жаңылып калдым. Палатадагы кызуу талкуу маалында эмоцияларымды кармай албай, ал сөздү туура эмес айтып алдым. Өлкө борборунда элибиздин салтына каршы иш-чара өтүп, аны айрым кесиптештер колдоп жатса, жиним келди. Ошондуктан мен эмоцияларымды кармай алган жокмун. Анан да ал жигиттер айтпашы керек болгон сөз», – деген.

Негизи Тазабек Икрамов бул сөздөн жаңылбашы керек эле. Себеби, ал “билим берүүнүн отличниги”. Мындай наамды былтыр декабрда алган. Мындай наамга жетиш үчүн, Билим жана илим берүү министрликтин эрежеси боюнча, наам ала турган киши 20 жылдык педагогикалык тажрыйбага ээ болушу керек. Ал эми Т.Икрамов болгону 2 жыл гана иштеген. Ал 1990-2000-жылдары Жалал-Абад шаарында дене тарбия мугалими болгон. Андан кийин бизнеске кетип, анан эле депутат болуп чыга келди. Наам боюнча да катуу сынга кабылган. Ал сынды депутат оппоненттердин көрө албастыгы катары баалаган.

Ал жакында эле, 8-октябрда Грузиянын борбору Тбилиси шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионатка катышып, коло медаль тагынып келген.

Эми ушул эки адамдын дэңгээлин салыштырып көргүлөчү, кимисиники жогору экен?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.