Арсы айылындагы 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Нарын облусундагы Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылында (145 түтүндөн ашык эл жашайт) 150 орунга ылайыкташкан жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, мектептин ачылышына министр Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүүлөргө ыраазычылыгын билдирген.

Мектеп боюнча маалыматын айта кетсек, Арсы орт мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган. Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрь айында башталып, фонд тарабынан 120 миң, Кувейт мамлекетинен 100 миң доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары, жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар, жергиликтүү бийлик 250 миң, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.