Орусия Сирияга кошумча аскердик полиция жөнөтөт

Орусия Сирияга кошумча аскердик полиция жөнөтөт

Бир жумадан кийин Сирияга кошумча 276 орусиялык аскердик полиция жана 33 техника жөнөтүлөт. Бул тууралуу «РИА Новости» Орусиянын Коргоо министрлигиндеги өз булагына таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, Сириядагы орусиялык контингент “жаңы тапшырмаларга” байланыштуу көбөйөт. Сөз сирия-түрк чек арасын кайтаруу жөнүндө болуп жатат.

Эскерте кетсек, ушул жумада Орусия менен Түркия президенттери Сочиде жолугуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, 23-октябрдан тарта чек арадагы туурасы 32 чакырымды түзгөн тилкеге же буфердик аймакка орусиялык аскердик полиция жана сирия өкмөтүнүн чек арачылары киргизилди. Күрд куралдуу кошуундары бул жерден 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.