Соттук актыларды мажбурлап аткарууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланууда…

Соттук актыларды мажбурлап аткарууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланууда…

 Бүгүн, 25-октябрда, Бишкекте “Коммерциялык иштер боюнча талаш-тартыштарды мажбурлап аткаруу: жетишкендиктер, чакырыктар жана андан ары өнүгүү” темасындагы эл аралык илимий-практикалык эки күндүк конференция башталды. Ага Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева, президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Саякбаев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов, ЕРӨБдун укуктук реформа бөлүмүнүн директору Мишель Нуссбаумер, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон, Орусия, Украина, Монголия, Молдова, Таджикистан, Өзбекстан, Казакстанден келген эксперттер, ошондой эле алдынкы эл аралык жана чет элдик уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бул аянтчанын алкагында экономикалык иштер боюнча соттук актыларды мажбурлап аткаруу, анын өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана стабилдүүлүгүнө болгон ролуна байланыштуу бир катар маселелер, коммерциялык талаштарды жараткан өндүрүштөр боюнча сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо, аткаруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү, көйгөйлөр, ошондой эле чет өлкөлүк сот актыларын аткарууда мүмкүн болгон чечимдер талкууланды.

Айнаш Токбаева бүгүнкү конференциянын темасы өлкөбүздө актуалдуу болуп жаткан көйгөй экенин айтып, акыркы жылдары бул маселеге көбүрөөк көңүл бөлүнө баштагандыгын баса белгиледи. Жыйындын катышуучуларына жемиштүү жыйынтыктарды, практикада кеңири колдонууга жарамдуу сапаттуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кызыктуу дискуссияларды каалады.

Көтөрүлгөн теманын актуалдуулугун Кубанычбек Капалов да белгилеп өттү. Катышуучулардын көңүлүн Кыргызстандагы аткаруу өндүрүшүн санариптештирүү  жана маалыматтык технологияларды киргизүү иштери кызуу жүрүп, Сот департаментинин материалдык-техникалык базасы жакшырып жаткандыгын белгиледи. Конференцияны уюштурууга колдоо көрсөткөн Мишель Нуссбаумер, Маргарита Мелдон айымдарга жана Фред Хьюстон мырзага ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. Сөзүнүн аягында бүгүнкү конференцияга катышып жаткан эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен мындан ары да эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бекемдөөсүнө жана өнүгүүсүнө үмүт артаарын кошумчалады.

Эртең, 26-октябрда конференция уланат, модератор Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеванын катышуусунда  аткаруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча талкуу жүрөт. Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.