Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго президенттин сыйлыгы тапшырылды

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго президенттин сыйлыгы тапшырылды

Москвада дарыланып жаткан Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкуловго ИИМ министри Кашкар Жунушалиев президенттин «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы С.Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калганы тууралуу маалымдады.

Эскерте кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов учурда Москвада дарыланып жаткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго президенттин сыйлыгы тапшырылды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.