Атамбаевдин мурдагы шоопуру Эркин Сопоковдун кызматынан кетишинин эки себеби айтылды

Атамбаевдин мурдагы шоопуру Эркин Сопоковдун кызматынан кетишинин эки себеби айтылды

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков бүгүн, 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан бошотулду. Анын кызматтан ар ким ар кандай божомолдоп жиберди эле, ага ТИМ точка койду окшойт. Анын кызматтан кетишинин эки себебин атады.

Биринчи себебинде мындай: «2019-жылдын октябрдын аягында Сопоков дипломатиялык номурду кайтаруу жана каттоо процедурасынын эрежесин бузуп, “Рамадан туризм” автосалонуна “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинаны саттыруу үчүн берип койгон. Ал машина эмне себептен адам өлтүрүлгөн жерден табылганын түшүндүрө алган жок», – деп жазылган.

Экинчи себеби, иште кетирген катасы. «Сопоков 2017-жылдын 17-апрелинде Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп дайындалган. Ал кызматтык милдеттерин так аткарбаганы үчүн ага чара колдонулган. Башкы консулдукта айдоочу болуп иштеген И.С.Хавазов экөө бир нече жолу жол кыймылынын эрежелерин бузган. Ушуга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан бошотулган. Кызматтык милдеттерин так аткарбаны, «КРнын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамды жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген. Ошондой эле Сопоков 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын өз убагында берген эмес”,-деп жазылган маалыматта.

Эркин Сопоков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болгон. Атамбаев аны кызматтан кызматка көтөргөнүн баары эле билет.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болуп, каза болгон. Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталган, бирок, бул боюнча журналисттерге жооп берүүдөн качып койгон.

“Дал ушул кандуу окуя аны кызматтан шыпырып түштү”,-дегендер да жок эмес. Ошондой эле бүгүн Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч бала кармалып, камакка алынганы, анын экөө Кыргызстандык экени айтылып, жазылууда. Алар эмнени айтып берээр экен? Башында тургандардын атын аташы мүмкүн. Кимдин башы кылтыйып чыгаар экен?..

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.