«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти 

«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти 

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөнү тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, кандуу окуя 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Андагы Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кетип, ал оор абалда ооруканага жеткирилип, каза болгон. Стамбул шаардык прокуратурасы кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, изилдеп, иликтөө иштери жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык делген машинанын чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу учурда бул иш менен алектенүүдө.

Маркумдун аты «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.