Күмөндөр АБЫЛОВ, Кыргыз эл артисти: «Кош Нурзат! Кош дебеске айла барбы?»

Күмөндөр АБЫЛОВ, Кыргыз эл артисти: «Кош Нурзат! Кош дебеске айла барбы?»

44 жаштагы чебер комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү бүгүн, 12-ноябрда кичи мекени Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылындагы бейитке берилди. Маркумдун артында “апалап” 6-класстагы кызы калды…

Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов кабыргасы кайышып, “Фейсбуктагы” баракчасына: Кош Нурзат! Кош дебеске айла барбы? «Ажал улук» деп, бекер айтылбаган экен го!…
Атам ыраматылык, сенин комузда кол ойнотуп, куудулданып, кайсы күүнү болсун, тарыхын кошо айтып, айтым күү катары кошо комментарий берип, образга берилип черткениңди аябай жактырып, оозунан түшүрчү эмес эле!… Элдин оозунда, көпчүлүктүн көңүлүндө жүргөн кезиңде, чыгармачылыгың толкуп-ташып, дагы көптөгөн күүлөрүңдү чыгараар кезиңде минтип, шум ажал арабыздан алып кетип олтурат!… Кантели, айлабыз гана жок!
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Нурзатбай! Кош, жаркылдаган карындашым
!”,-деп жазып, Нурзат Орозалиеванын жаркылдаган сүрөтүн жайгаштырды.

Баарыбыздын ичибиз ачышып жатат. Куранда башка арга жок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.