Комузчу Нурзат Орозалиева бүгүн акыркы сапарга узатылат

Комузчу Нурзат Орозалиева бүгүн акыркы сапарга узатылат

Бүгүн, 12-ноябрда белгилүү комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү өзүнүн туулуп-өскөн жери —  Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылына коюлат. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдирди.

Алардын айтымында, Нурзат Орозалиева узак оорудан, айыкпас дарттан улам 10-ноябрда каза болгон. 44 жаштагы чебер комузчу «Сезимдеги толгоо», «Боз салкын» жана башка күүлөрдүн автору болгон. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркум Нурзат Орозалиеванын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.