Үч ВИДЕО: “Күйүттө кеткен Майрамым, балаң менен келиниң кошо жөнөдү, кучагыңды жайып тосуп ал!”

Үч ВИДЕО: “Күйүттө кеткен Майрамым, балаң менен келиниң кошо жөнөдү, кучагыңды жайып тосуп ал!”

Жол кырсыгынан каза болгон жубайлар Акжолтой Канат уулу менен Изаард Канатбекованын сөөгү бүгүн, 13-ноябрда Тоң районундагы Ак-Cай айылында жерге, Акжолтойдун апасы Майра Керим кызынын (2009-жылы айыкпас дарттан көз жумган) жанындагы бейитке коюлду.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына төкмө акындар, ырчы, тамадалар барып, сөз сүйлөшүп, ыйлап коштошушту. Маркумдардын тууганы коштошууда айткан ыры жүрөктү титиретти. «Күйүттөн кеткен Майрамым, балаң менен кошо келиниң кетти, кучак жайып тосуп ал!,-деди…

Аалы ТУТКУЧЕВ: “Акжолтойдун өлүмү да бизге сабак болуп кетти”

Эске сала кетсек, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү, саат 00:45тер чамасында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 218-чакырымында болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу машина менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза (каза болгондордун арасында Акжолтой Канат уулу келинчеги менен болгон) болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Анын да абалы оор экенин бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты Акжолтой Канат уулу менен Изаард Канатбекованын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

One thought on “Үч ВИДЕО: “Күйүттө кеткен Майрамым, балаң менен келиниң кошо жөнөдү, кучагыңды жайып тосуп ал!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.