Төкмө акын Акжолтой Канат уулу менен келинчеги Изаард Канатбекова бүгүн акыркы сапарга узатылат

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу менен келинчеги Изаард Канатбекова бүгүн акыркы сапарга узатылат

Жол кырсыгынан каза болгон жубайлар Акжолтой Канат уулу менен Изаард Канатбекованын сөөгү бүгүн, 13-ноябрда Тоң районундагы Ак-Cай айылында жерге берилет. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө башталат.

Эске сала кетсек, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү, саат 00:45тер чамасында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 218-чакырымында болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу машина менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза (каза болгондордун арасында Акжолтой Канат уулу келинчеги менен болгон) болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Анын да абалы оор экенин бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акжолтой Канат уулунун жакындарынын билдирүүсүнө караганда, ал келинчеги менен Кочкор районуна тойго бара жатканда кырсыкка учураган. Анын жанында тамада жана ырчы жигиттер болгон. Акжолтой менен Изаарддын баш кошкондоруна эки гана ай болгон.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты Акжолтой Канат уулу менен Изаард Канатбекованын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.