Эмил КАПТАГАЕВ, коомдук ишмер: «Жыпар Жекшеев Илим Карыпбековду колдоп, КТРКны “кара жашик” кылганга жандалбас кылган»

Эмил КАПТАГАЕВ, коомдук ишмер: «Жыпар Жекшеев Илим Карыпбековду колдоп, КТРКны “кара жашик” кылганга жандалбас кылган»

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигинен Жыпар Жекшеев кечээ өз арызы менен кеткен. Ал КТРКны коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар тоскоол болгонун «Азаттыкка» айтыптыр. Анын айткандарына чыны күлкүң келет. Ал биринчи мөөнөтүндө Алмазбек Атамбаевди мактаса, экинчи мөөнөтүндө Илим Карыпбековду жактап жүрдү. Аны баары эле билет. Анын айткандарына коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев дагы нааразы болуп, “Фейсбуктагы”баракчасына пост калтырды. Аны эч оңдоосуз беребиз. Ал төмөндө:

Эми ушинтип актана бериш деле натуура иш… Илим Карыпбековду колдон-буттан алып колдоп, КТРКны КАРА ЖАШИК кылганга жандалбас кылып эле киришип, Атамбаевдин ишеничин актап бергенин баарыбыз эле көрүп-билип турбадыкпы … Ошентип эле ачык айтса дурус болобу дейм… Коомдук телевидение кылалы деген иш ойго да келген жок”,- деп…” деп жазды Э.Каптагаев. Бул ачуу чындык. Ошондой эле болгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.