Өмүрбек Текебаевдин сотуна он күбө чакырылып, оң көрсөтмө беришти

Өмүрбек Текебаевдин сотуна он күбө чакырылып, оң көрсөтмө беришти

“Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда (13-ноябрда) Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күбө катары чакырылып, оң көрсөтмө беришти. Күбөлөр: Наталья Никитенко, Феликс Кулов, Темир Сариев, Алмамбет Шыкмаматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров, Аида Салянова, Элмира Ибраимова жана Исабек Алдозов. Алар Текебаев 2010-жылдын 13-майында каерде эмне иш кылганы, кимдер менен жолукканы тууралуу кенен маалымат беришти.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык жаран, шылуун (учурда түрмөдө) Леонид Маевский каралаган. Ал «пара алган» деген көрсөтмөнү (Атамбаевдин бийлигинде) берген. Ошонун негизинде, 2017-жылы камакка алынып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Күнайым КУбАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.