Мухамбеткалый Абылгазиев бүгүн кечке сессияда болуп, чарчабай, футбол көрүүгө стадионго да барды…

Мухамбеткалый Абылгазиев бүгүн кечке сессияда болуп, чарчабай, футбол көрүүгө стадионго да барды…

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун футбол талаасында  Кыргызстан менен Жапония беттешип, жыйынтыгында жапондор 2:0 эсеби менен утуп алды.

Футболго премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, спикер Дастан Жумабеков, вице-спикер Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев биздин футболчуларды колдоп барышты. Абылгазиев отуруп, тура калып, сүрөп жатты. Ал эми Дастан Жумабеков ага чейин биздин курама командасына ийгилик каалап, жапондорду утуп алаарына ишенээрин айтып, депутаттарды футболчуларды колдоого стадионго чакырган.

Тилекке каршы, биздин футболчулар утулуп калды… Анткени менен оюн талаасында кооз оюн көрсөтүштү. Кыргызстан экинчи орунда келатат. Эми алар 6-турда, 19-ноябрда, Бишкекте Тажикстандын футболчулары менен ойнойт. Тажикстандын футболчуларын утат деген чоң үмүттөбүз. Ийгилик каалайбыз!

Эске сала кетсек, футбол боюнча чемпионаттын финалы 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.