Жыпар Жекшеевдин ордуна жетекчи болуп Асылбек Жээнбековдун «кудачасы» Атыргүл Сарыбаева келеби?

Жыпар Жекшеевдин ордуна жетекчи болуп Асылбек Жээнбековдун «кудачасы» Атыргүл Сарыбаева келеби?

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев кызматынан өз арызы менен 13-ноябрда кеткенин «Азаттыкка» айтыптыр. Анын айтымында, ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар тоскоол болуптур. Күлкү келээрлик. КТРКны коомдук кылганын такыр көргөн жокпуз. Биринчи мөөнөтүндө Алмазбек Атамбаевди мактап, экинчи мөөнөтүндө (былтыр, июнь айында шайланган. КТРКнын Байкоочу кеңешинин 12си колдоп, бири каршы чыгып, бир бюллетень жарабай калган — авт.)  Илим Карыпбековду жактап жүрдү. Анан кайдагы нерсени айтып жатат аксакал? Аксакалды Илим Карыпбеков дагы мактап жүрдү. Айтор, экөө «жакшы» иштеди.

Байкоочу кеңеште 15 мүчө бар, алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөнү жарандык коом сунуштайт. Сунушталган талапкерлерди парламент тандайт. Жыпар Жекшеевдин талапкерлигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Парламент «хоп» деп колдоп берген. Ушундай парламентибиз бар эмеспи? Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнөн Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов өз арызы менен чыгып кеткен. Анын ордуна талапкерлигин беш адам (Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев) койгон. Алардын ичинен журналист Чынара Капарова түшкө чейин депутаттардын добушу менен утуп чыккан. Түштөн кийин депутат Асылбек Жээнбеков келгенден кийин, депутаттардын добушу өзгөрүп, анын «кудачасы» Атыргүл Сарыбаева өтүп кеткен. Ошондо «ойногон» парламент эми «ойнобойт» дейсиңерби? Эптеп мүчөлүккө өткөрүп алган «кудачасын» Асылбек Жээнбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине сүйрөбөйт дейсиңерби?.. Кызыктар али алдыда…

One thought on “Жыпар Жекшеевдин ордуна жетекчи болуп Асылбек Жээнбековдун «кудачасы» Атыргүл Сарыбаева келеби?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.