Атамбаевдин Илмияновдон кийинки шоопуру Сопоковдун ишмердиги иликтене турган болду

Атамбаевдин Илмияновдон кийинки шоопуру Сопоковдун ишмердиги иликтене турган болду

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан эки күн мурун (12-ноябрда) президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын ишмердигин текшерүү үчүн УКМК, Башкы прокуратура жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган атайып жумушчу топ түзүлүп, Стамбулга жөнөп кетти.

ТИМдин маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаевдин айтымында, жумушчу топко кирген мамлекеттик өкүлдөр Стамбулга барып, Эркин Сопоковдун ишмердигин текшерет. “Ишмердиги дегенибиз — ал жөнүндө бардык жагдайлар текшерилет жана бардык маалыматтар ушул иштин алкагына камтылат”,-дейт У.Дыйканбаев. Ошондой эле ал мурдагы консулду текшерүү жүргүзүү боюнча ТИМ демилге көтөргөнүн кошумчалады.

Сопоковдун кетирген катасы парламентте айтылды

Түркияда кытайлык уйгур ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин, Сопоковдун иши иликтене турган болду. Эки жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн адамда анын (Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номурлуу) машинасы болуп калып, кызуу талкууга түштү. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, расмий маалыматтар айтылды. ТИМ министри Чыңгыз Айдарбеков Эркин Сопоковдун кызматтан кетишинин эки себебин парламентте айткан. Министрдин айтымында, Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден “Рендж Ровер» үлгүсүндөгү машина табылганын Сопоков түшүндүрүп бере алган эмес. «2019-жылдын октябрдын аягында Сопоков дипломатиялык номурду кайтаруу жана каттоо процедурасынын эрежесин бузуп, “Рамадан туризм” автосалонуна “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинаны саттыруу үчүн берип койгон. Ал машина эмне себептен адам өлтүрүлгөн жерден табылганын түшүндүрө алган жок», – деген министр биринчи себебин айтып өтүп, экинчи себеби, иште кетирген катасы экенин баса белгиледи. Тагыраак айтканда, Э. Сопоков 2017-жылдын 17-апрелинде Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп дайындалган. Ал кызматтык милдеттерин так аткарбаганы үчүн ага чара колдонулган. Башкы консулдукта айдоочу болуп иштеген И.С.Хавазов экөө бир нече жолу жол кыймылынын эрежелерин бузган. Ушуга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан бошотулган. «Кызматтык милдеттерин так аткарбаны, «КРнын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамды жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген. Ошондой эле Сопоков 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын өз убагында берген эмес”,-деген министр Ч.Айдарбеков.

Сопоковду Атамбаев менен Илмиянов тааныштырганбы?

51 жаштагы Сопоковду жакындан жакшы билгендер социалдык тармактарга жазып чыгышты. Анда: “Эркин Сопоков 2010-жылга чейин, Икрамжан Илмияновдон кийин Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп иштеген. Атамбаев президент болгондон аны кызматка көтөргөн. Президенттин иш башкармалыгынын “Ала-Арча” резиденциясынын директору болуп дайындалган. 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиядагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп бекиген. Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү шоопуру менен Айэркен Саймаитинин кандай байланышы бар экенин тийиштүү органдар эми кылдат текшериши керек!”, – деп жазылган. Чын эле анын өмүр баянына үңүлсөк, ал эмгек жолун айдоочулуктан баштаптыр, тагырагы, «Кыргызавтомаш» заводундагы айдоочу болуп, кийин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ошентип, барып эле абактагы Атамбаевдин башына «таяк» тийүүдө. Эми көрө жатарбыз, жогоруда айтылган жумушчу топ Сопоковдо кандай сыр жатаарын кандай кылып ачып берээрин…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.