Депутат Канат Исаев бүгүн кыздуу болду. 24 жылдан кийин бешинчи баласын жыттады…

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев бүгүн, 15-ноябрда кыздуу болду. Мындай жакшы кабарды депутаттын кызы Бермет Исаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Кубанычы койнуна батпаган Бермет айым апасы түндө көз жарганын, 24 жылдан кийин алардын үйүнө бешинчи ымыркай жарык дүйнөгө келгенин жазды.

Посттун алдына апасынын төрөөрдүн алдында түшкөн сүрөтүн жана атасынын апасына: “Сүйөм сени! Жаным рахмат!»,-деген арзуу каты менен кучак толо гүлдөрүн жайгаштырды.

Канат мырзаны кырк жылкылуу болушу менен, Бермет айымды сиңдилүү болушу менен куттуктайбыз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.