Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз”

Бүгүн, 15-ноябрда, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Мындай иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог, Сүймөнкул Чокморовдун жашоосу жана чыгармачылык жолу тууралуу даректүү тасма, ошондой эле концерттик программа тартууланды. Уюшулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, Сүймөнкул Чокморовдун бир туугандары менен жолугушуп, сүйлөшүп катар отурду.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун өлкөнүн сыймыгы, кыргыз элинин улуу сүрөткери, мыкты киноактеру, таланттуу уулу экенин айтты: «Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт, анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен, өзгөчө бийик орунду ээлеп калат», — деди.

Президент кинематографиядагы «Кыргыз керемети» менен кыргыз сүрөт өнөрүндөгү жетишкендиктерди Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароо мүмкүн эмес экениндигин айтып, ал кайталангыс киноактердук таланты менен бүткүл дүйнөгө өзүн гана эмес, эркиндикти сүйгөн жалпы кыргыз элин жана анын жашоосун, маданиятын таанытып, суктантканын баса белгиледи.

Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз маданиятына кошкон салымы анын киноискусстводогу ишмердүүлүгү менен гана чектелбестен — ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жараткан. Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун, “Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык“,- деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыз — залкар талант гана эмес, абийири бийик, адамгерчилиги терең инсан, мекенчил адам, чыныгы кыргыз уулунун символу, улуттук намыстын бийик үлгүсү болуп калды», — деди президент. Мамлекет башчысы кыргыз эли, кыргыз жери дагы ушундай таланттарды жаратарына үмүт кыларын кошумчалады.

“Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат”

Ошондой эле улуттук киноматография ишмерлерин келе жаткан кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

«Сиздердин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегиңерге таазим этебиз. Сиздерге терең ыраазылык билдиребиз, бар болуңуздар! Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат. Ар кандай эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишип, элибиздин ыраазылыгына ээ болуп жатышат. Кыргыз киносунун керемети дагы жаралат деп үмүт кылабыз. Сиздер улуттук маданиятыбызды дагы байытып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошосуздар деп ишенем. Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Улуу талант узак оорудан каза болгон…

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ал көптөгөн киного тартылып, мыкты роль жараткан. Мыкты актер эле эмес, мыкты сүрөтчү да болгон. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан, кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Улуу талант узак оорудан улам, 1992-жылы 26-сентябрда, 53 жашында каза болгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.