МАМКАТТОО: “Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар Кыргызстандык эмес, аларга паспорт берилген эмес”

МАМКАТТОО: “Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар Кыргызстандык эмес, аларга паспорт берилген эмес”

Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган. Түркиянын Адана шаардык полициясы кармалгандардын экөө: “Кусейин Акматалиев, Абдуллах Энвер Кыргызстандык” деген маалыматты алардын оозеки айткан сөзүнө ишенип тараткан.

13-ноябрда биздин ТИМ “Саймаитини өлтүрдү” деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген.

14-ноябрда Мамкаттоо: “шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес!”,-деген маалыматты таратты.

Эске сала кетсек, 10-ноябрда эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини  Стамбулдагы мейманканадан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Консул Эркин Сопоков ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 12-ноябрда бошотулган. Ошол эле күнү Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип үчөө кармалып, экөө Кыргызстандык экенин айткан. Кечээ, 14-ноябрда алар 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүлгөндүгүн билдирген, аны Түркиянын “Сабах” гезити жазып чыкты.

Ошол эле күнү 14-ноябрда ТИМ Стамбул шаарындагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

Тиги жогорудагы аты аталган шектүүлөр эмнеге Кыргызстанды атады экен?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.