Мухамбеткалый Абылгазиев: “Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин билебиз”

Мухамбеткалый Абылгазиев: “Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин билебиз”

14-ноябрда, Жогорку Кеңеште “КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроосуна жооп беришти.

Премьер-министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанга күн сайын бажы каттоосунан өтпөстөн 100 тоннадан ашык күйүүчү май алынып келип жатканын айтты. Ошондой эле ал аткезчиликке бийлик өкүлдөрүнүн кимисинин тиешеси бар экенин билерин баса белгиледи. “Импортту башкаруу маселеси көптөгөн жылдардан бери чечилбей келет. Биз эмнеден баштадык? Алгач күйүүчү майды автоунаалар менен алып келүүнү токтоттук, азыр темир жол аркылуу гана келет. Күн сайын 100 тоннадан ашык күйүүчү май аткезчилик жол менен алып келинет деп айтып жатышат. Бирок, мен буга ишенбейм, андан да көп деп ойлойм. […] Мындай иштер укук коргоо органдарынын катышуусу жок болбой турганын билем. Бизге ал жакта кимдер отурары, канча акча алары тууралуу бардык маалымат келет”, — деди М.Абылгазиев.

Маалыматтарга караганда, 2018-жылы 73 аткезчилик фактысы аныкталып, 146 миң 530 литр күйүүчү май алынган. Алардын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашкан. Быйыл январдан июнь айына чейин мыйзамсыз түрдө 5 миң 777 тонна мунайзат алып кирүү учуру катталган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.