Турсунбек АкУн эмес, Турсунбек Ак Үн, Базисбек Кыйтыбекович беле?..

Турсунбек АкУн эмес, Турсунбек Ак Үн, Базисбек Кыйтыбекович беле?..

Укук коргоочу Турсунбек Акун 60 жашка жайында (18-июлда) толгон. Бүгүн, 16-ноябрда 60 жылдык мааракесине арналган иш-чара Бишкектеги “Парк Отелде” өтүп, ага көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, академик, профессорлор барып, куттукташты. Уюшулган иш-чарага барган КРнын президентине караштуу Башкаруу акедемиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев президенттин кеңешчиси Султан Раевдин президент Сооронбай Шариповичтин (бүгүн президенттин да туулган күнү эмеспи — авт.) белегин тапшырып, сүйлөгөн сөзүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анда профессор: “Султан Раев президенттин атынан куттуктоо сөзүн айтып, президенттин белеги — кол саатын тапшырды! Султандын сөзүндө бир укмуш нерсе айтылды. Турсунбек АкУн эмес, Турсунбек Ак Үн, акыйкаттын, чындыктын, калыстыктын үнү”,- дегенди айтты.
Дагы бир нерсе: Тукемдин өз аты
Базисбек, өз атасынын аты Кыйтыбек экен.
Анда, урматтуу Базисбек Кыйтыбекович, 60 жылдык торколуу тоюңуз менен куттуктайбыз! Бар бол, кем болбо, досум!
”,-деп жазды.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин Турсунбек Акун жөнүндө жазганында бир эскермеси бар. Анда ал: “Турсунбек Акундун туулган жери Лейлек ооданы, Кулунду айылы. Атасы мугалим, атасынын Акун аттуу агасынын бакма уулу. Ал ошо кишинин колунда тарбия алып, фамилиясы да ошондон улам Акун болуп калган. Теңир-Тоодо өстү. Азан чакырып коюлган аты Базисбек”,-деп жазганы бар.

Биз дагы куттуктоолорго кошулуп, Турсунбек Акун агабызды 60 жылдык торколуу тою менен куттуктайбыз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.