33 фирмасын декларацияда көрсөтпөй, мыйзамды бузган — мыйзамчы депутат Кубанычбек Жумалиев

33 фирмасын декларацияда көрсөтпөй, мыйзамды бузган — мыйзамчы депутат Кубанычбек Жумалиев

Economist.kg басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып көргөн. Ачык булактарда Жумалиев айрым фирмалардын жетекчиси экени көрсөтүлгөн. Муну менен ал депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө («Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө») негизги мыйзамды бузганы белгиленет. Мыйзам боюнча ЖК депутаты болуп турган адам ишкерлик менен алектенип, жетектөөчү органдарда же коммерциялык уюмдардын байкоочу кеңеши болуп иштей албайт.

Мындан сырткары, Кубанычбек Жумалиев 2015-2016-жылдар үчүн гана декларация тапшырган. 2017-жылдагы декларациясынын жоктугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелет.

Кубанычбек Жумалиев 1990-жылдардан тартып жогорку кызматтарда иштеп келет. 33 ишкананын 11ин ал мамлекеттик кызматтарда иштеп турган жылдары ачкан. Алардын сегизи депутаттык учуруна туура келет. Фирмалардын көбү билим берүү, курулуш тармагында иштейт. 2016-жылы Жумалиев өзүнүн атындагы Физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан.

Мыйзамчы болуп туруп мыйзамды бузган Кубанычбек Жумалиевдин бул боюнча пикирин угууга да даярбыз. Жооп алып калсак аны дагы беребиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.