Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевден футбол боюнча жапжаңы анекдот

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевден футбол боюнча жапжаңы анекдот

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 19-ноябрда  Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыкты.

Алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө дарбазага гол киргизип, эсепти ачты. 2-таймда биздин футболчубуз Тамирлан Козубаев дарбазага гол киригизип, эсепти теңеди.

Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев футбол боюнча жапжаңы эки анекдотту “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Футболдун артынан бир анекдотту эстедим..
Футбол. СССР-Германия, эсеп 0:5.. Чыдабай кетип, бир күйөрман кыйкырат:
— Атаң гөрү, биз бул немистерди убагында Берлинге чейин уруп, киргизбедик беле!
Анда, жанындагы бир грузин айтат дейт:
— ээ, дарагой гэнацвале! Тагда старший тренер был другой!

Дагы бир анекдот. Бир киши доктурга келип айтат:-
— меники кызык оору болуп жатат. Бир айдан бери түшүмдө чычкандардын арасында футболдон дүйнө чемпионаты болуп жатат. Ошону көрүп, нерв коротуп, жумуштан алек болуп жатам!
Таң калган доктур тыңшап көрүп, таблетка жазып берет, күндө 3 маал ичсең түш көрбөй каласың дейт!
Чыгып баратып тиги бейтап сурайт врачтан: бүрсүгүнү дарыңызды иче баштасам болобу?
— Эмнеге бүрсүгүнү?
-Эртең тиги түшүмдөгү футболдун финалы болмок эле.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.