Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 50 миң сомдон сүйүнчү пул Өкмөт төлөп бере турган болду

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 50 миң сомдон сүйүнчү пул Өкмөт төлөп бере турган болду

Үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон (жөнөкөй шартта 4000 сомдон бериле турган сүйүнчү пулдун ордуна) “балага сүйүнчү” жөлөк пулун Өкмөт төлөп берет. Үй-бүлөгө социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, жети айда 88 322 балага сүйүнчү пул берилген. Сүйүнчү пул берилген балдар өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Былтыр ушул убакытта 38 916 балага жалпы суммасы 158 685 000 өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилген болсо, быйыл мамлекеттик бюджеттен 353 288 000 сом акча сарпталган. Сүйүнчү акча ар бир төрөлгөн бала үчүн 4000 сом деп белгиленген. Акчаны үй-бүлөлүк шарты кандай экендигине карабай, бардык жарандар алышат. Сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган.

Ошто үч эм төрөлдү

16-ноябрда Ош шаарындагы төрөтканада үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, ушул жылдын эсеби менен жетинчи үч эм төрөлдү. Үч эм кыздардын апасы 31 жашта. Наристелердин ар биринин салмагы 2 килограммдан жогору.  Буга чейин ушул эле төрөтканада 28-октябрда үч эм жарык дүйнөгө келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.