Элчи Эдил Байсаловду ханыша Елизавета II кабыл алды

Элчи Эдил Байсаловду ханыша Елизавета II кабыл алды

Кечээ, 19-ноябрда Букингем сарайында Британияда ханыша Елизавета II Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды. Ханышага Эдил Байсалов ишеним грамотасын тапшырды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 28-майында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилик кызматына Эдил Байсаловдун талапкерлигин жактырып, Ирина Карамушкинадан башкасы колдоп берген.

11-июнда, президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Эдил Байсалов 42 жашта. Ал 1977-жылы 6-августта Бишкек шаарында төрөлгөн. Түбү — Нарын. Ат-Башынын кулуну. Үй-бүлөлүү. Жогорку билимдүү. Көп тилди билет жана эркин сүйлөйт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.