ВИДЕО: Аксыда топтошкон окуучу кыздар мушташты

ВИДЕО: Аксыда топтошкон окуучу кыздар мушташты

Бул видео социалдык тармактарга тарады. Жайгаштыргандардын маалыматына таянсак, бул окуя 18-ноябрда, Аксы районунда болуптур. Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Жоробек Мамытбеков орто мектебинин окуучу кыздары сайдын жээгине барып алып мушташып, сөгүнүшкөн. Тартып жаткан балдар: «Давай, Апал!»,-деп каткырып, сөгүнүп жатышат.

“Мектеп директору Бурулай Мураталиева, айыл өкмөтү Жылдыз Осмонова, Аксы райондун акими Ыманберди Досбаев окуучуларыңарды карабай, кайда карап жүрөсүңөр? Ушундайга жол бергенден көрө кызматыңардан кеткиле!”,-деп жазгандар да болууда…

Аты аталган адамдарга, милицияга эртең кайрылып, жообун алууга аракет кылабыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.