Билинбей кымбатчылык каптап баратат. Машиналардын бажы төлөмү да кымбаттай турган болду. Же сиз баарына эле макулсузбу?

Билинбей кымбатчылык каптап баратат. Машиналардын бажы төлөмү да кымбаттай турган болду. Же сиз баарына эле макулсузбу?

Евразиялык экономикалык комиссия 19-ноябрда өткөн жыйында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн канааттандырган жок. Натыйжада 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттайт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» кыргыз өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык комиссиядагы атайын өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы да тастыктады.

2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

Ага ылайык, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.