Дүрдана апасы, үч бөбөгү менен квартирада жашайт экен. Депутаттар чогулуп, үй алып беришсин. Кандай дейсиңер?

Дүрдана апасы, үч бөбөгү менен квартирада жашайт экен. Депутаттар чогулуп, үй алып беришсин. Кандай дейсиңер?

Парламентте окуучу кыз сүйлөп, мектептеги кичинекей коррупцияны айтып, бир заматта социалдык тармакка дүң болуп, элдин жүрөгүн элжиретип, сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Ошол жылдыз болгон кызыбыздын үйүнө “АкиПресстин” журналисттери барып, жашоосу менен таанышып, сүрөткө тартып, апасы менен баарлашып кайткан. Анда эмесе, алардын орус тилинде берген учкай маалыматын биз кыргыз тилине которуп беребиз.

Он жаштагы кыздын толук аты-жөнү — Дүрдана Салыкова. Ал Бишкектеги № 87 мектепте 5-класста окуйт. Ага чейин Ошто айылда окуган. Ал жактагы мектепте отличница болуп, классында класском болгон. Бишкекке келгени кыйналып, орто окуп калганын жашырган эмес. Ал беш бир туугандын экинчиси. Улуу агасы атасы менен жашайт. Ата-энеси ажырашып кеткен. Бош убактысында кичинекей үч бөбөгүн (эки иниси, бир сиңдисин) карап, ойнотот.

Журналисттер парламентте эмнеге ыйлаганын Дүрданадан сураганда, «депутаттар күлүп жиберсе, мени шылдыңдап жатышат го деп ойлогом, көрсө, шылдыңдашпаптыр»,-деп жооп берген. Дүрдананын айткандарын «АкиПресс» тарткан тасмадан көрсөңүз болот, ал үчүн бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз.

Апасы Муслим Жунусова. Ал тигүүчү цехте иштейт. Анын айтымында, Бишкекке төрт баласы менен 2016-жылы келген, келгенден бери квартирада төлөп жашашат. Мамлекеттен эч кандай жардам албайт. Эки жолу балдарына пособие алайын деп чуркаган. Биринчисинде ажырашуу боюнча документ сурашканда, алып барып берген. Аны алган соң, “эгер атасы каралашпаса, анда мамлекет каралашат”,-деп коюшкан. Көңүлү калып, ошо бойдон чуркаган эмес.

Квартальный Шайымбүбү Мускаеванын айтымында, ал жароокер эне, балдарын жакшы карайт, эч нерседен кем кылгысы келбейт. Тамак-аш, кийим-кечеден жардамдашып турушат. Мамлекеттен эч жардам жок. Балдарынын пособиесин да ала албай койгон.

Мына ушундай, окурман. Аз камдуу үй-бүлөгө мамлекет жардам бериши керек деп эсептейм. Тырнактай окуучуну болсо көрдүк, билимдүү, ары таза, ары акылдуу кыз экенин. Бирок, жашоосун көрүп, жүрөк ооруп калды. Колумда болсо үй алып берип коймокмун. Депутаттар бай эмеспи, окуучунун ушундай жашоосун, акыбалын көргөндөн кийин үй алып беришээр биздин дадагаң кетейин, Дүрданага.  

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.