Депутаттар бүтүп, ажылардын сүрөтү чыга баштады. Максат ажы Токтомушев менен Айэркен Саймаити…

Депутаттар бүтүп, ажылардын сүрөтү чыга баштады. Максат ажы Токтомушев менен Айэркен Саймаити…

Учурда бул сүрөт социалдык тармакка тарап, кызуу талкууну жаратууда. “Экөөнүн кандайча тааныштыгы болду экен?”,-деген суроо туулууда… Эртең Максат ажыдан сурап, анын да жообун жазабыз.
Эске сала кетсек, 10-ноябрда эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини  Стамбулдагы мейманканадан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Консул Эркин Сопоков ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 12-ноябрда бошотулган. Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип төрт адам кармалып, камакта.

14-ноябрда ТИМ Стамбул шаарындагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

Депкомиссия түзүлдү. Ага кимдер кирди?

21-ноябрда, Жогорку Кеңеште, эртең менен депутат Алтынбек Сулайманов Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаса, аны айрым депутаттар колдогон. Кечке маал депутаттык комиссия түзүлгөнү маалым болду. Ага алты фракциядан депутаттар кирди, алар: КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.

Аты аталган депутаттардын жообу

Буга чейин бир топ депутаттардын аттары аталган. Алсак, ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун аты аталып, анын Саймаити менен түшкөн сүрөтү 18-ноябрда социалдык тармактарга жарыяланган. Ал тууралуу 21-ноябрда үн каткан, тагырагы, «Азаттыкка» берген маегинде айтып берген. Анда ал Саймаити менен 15 жылдан бери тааныш болгону менен ишкерлик байланышы болгон эместигин жана аны менен Түркияда жолукканын айткан.

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов: «Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек”,-деген 21-ноябрдагы сессияда.

Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Өлүмгө биздин тиешебиз жок. Укук коргоо органдары текшерет. Түркиянын полициясы өтө күчтүү иштейт”,-деген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.