Жээнбековдун инаугурациясын Атамбаевдин аппараты тескесе, Абдукадырды Үсөнов менен Исаков чакырганбы?..

Жээнбековдун инаугурациясын Атамбаевдин аппараты тескесе, Абдукадырды Үсөнов менен Исаков чакырганбы?..

“Азаттык” радиосу менен «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” аттуу журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр 2017-жылы ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына катышканда түшкөн сүрөтү социалдык тармакка тарап, аны коомчулук кызуу талкууга алган. Бүгүн (22-ноябрда) президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева анын инаугурацияга кантип катышып калганы тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда ал инаугурациянын уюштуруу иштерин, чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселеcин андагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты тейлегенин баса белгилеген. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбековго орун чектелүү гана берилгендиктен, ал туугандарын гана чакырган экен.

Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүн толугу менен төмөндөн окусаңыз болот:

“КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун ушул жылдын 2-ноябрындагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун жетекчиси Айзада Касмалиева Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алган.

Биз кийин кененирээк комментарий берип, анда белгиленгендей, 2012-жылы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатта «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген инвестициялык форум болгон. Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.

Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында КЭР Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн.

Жогоруда аталган инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан. Форумдан кийин, Сооронбай Жээнбеков ал экөө менен чогуу андагы президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон. 2017-жылы иниси аркылуу Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда, бул Атамбаев президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында, президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

Ар кандай күчтөр президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Ошондуктан, президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз. Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз. Анткени, өлкөнүн шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен КРнын президентинин, тагырагы, Атамбаевдин аппараты тескеген. Сооронбай Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт. Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат. Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Башкы прокуратура Түркиянын Башкы прокуратурасына А. Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат”,-деп бүтүргөн Т.Стамалиева.

Бардык нерсе барып эле экс-президент Алмазбек Атамбаевге барып такалууда. Жээнбековдун инаугурациясын андагы президент Атамбаевдин аппараты тескесе, анда алар Алмаз Үсөнов менен Сапар Исаков. Себеби, ошол учурда президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов, премьер-министр Сапар Исаков болчу. Алар азыр кайда? Сапар Исаков абакта. Алмаз Үсөнов болсо Атамбаев тактыдан түшкөндөн кийин саясаттан чарчаганын айтып, бизнеске кетип, ишкерлик менен алек болууну чечкен. Ошондон бери бул бала дайынсыз. Бул бала дагы көп нерсени билет. 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.