Роза ОТУНБАЕВА, экс-президент: «Бийликке жаңы жүздөр келип, ошолор иштесин»

Роза ОТУНБАЕВА, экс-президент: «Бийликке жаңы жүздөр келип, ошолор иштесин»

Мындай сөздү экс-президент Роза Отунбаева 22-ноябрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Роза Исаковна: “Кыргызстандын экс-президенттери өлкөнүн саясый турмушуна кийлигише албай турган мыйзам кабыл алынган. Мен ага кейиген жокмун, мыйзам деген мыйзам. Бирок, мен жөн эле отурганым жок, өлкө үчүн колуман келгенди жасап келе жатам. Президент болбой эле өлкөңө пайда алып келсең болот. Бийликке жаңы жүздөр келип, ошолор иштесин”,– дейт.

Туура, мамлекет башына жаңы жүз келип, саясатты жүз пайызга буруп, коррупцияны жүз пайызга тазалап, таза, билимдүү, акылдуу кадрды алып келгенде гана өлкө оңолот. Болбосо, өтө эле кадрлар начарлап баратат… Болбогон ыр менен чыгып, ырчы болгону деле, болбогон сөздөрдү жазып соцтармакка жылдыз болгону деле, аша чапкан динчил сакалчаны деле депутат болом дейт го. Айтор, өздөрүн аябай рекламалап жатышат… Ушундай кем акылдардан Кудай сактасын!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.