Фарид НИЯЗОВ: “Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Хабибула Абдыкадыр инаугурацияга тууганы катары киргизилген”

Фарид НИЯЗОВ: “Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Хабибула Абдыкадыр инаугурацияга тууганы катары киргизилген”

“Азаттык” радиосу менен «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” аттуу журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр 2017-жылы ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына катышканда түшкөн сүрөтү социалдык тармакка тарап, аны коомчулук кызуу талкууга алган. 22-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева анын инаугурацияга кантип катышып калганы тууралуу расмий билдирүү тараткан. Бүгүн, 24-ноябрда, Х.Абдукадыр тууралуу мурдагы президенттин аппарат жетекчиси, азыр абакта отурган Фарид Ниязовдун кайрылуусун Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Анда таптакыр башкача маалымат жазылган. Аны төмөндөн окуңуз!

Фарид Ниязовдун кайрылуусу:

2017-жылдын 3-ноябрында шайланган президенттин кызматына олтуруу салтанатына даярдык көрүү жана өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлгөн. Инаугурацияны уюштуруу маселелери менен Президенттик аппарат эмес, дал ушул орган алек болгон. Баса белгилеп, алдын сызып көрсөтө турган жагдай – 16 мүчөдөн турган ал уюштуруу комитетинде А.Атамбаевдин президенттик аппаратынан болгону үч өкүл кирген.

Сооронбай Шариповичтин тапшырмасы менен уюштуруу комитети инаугурацияга чакырылган меймандардын арасына Хабибула Абдыкадырды тууганы катары киргизген. Мен Сооронбай Шариповичтен тактап, Хабибула ага кандайча тууган экенин сураганымда, жакын жана эски досу экенин айтып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарына төрдөн орун берүүнү суранган, ошондуктан Хабибула Абдыкадыр жакын туугандары – агасы менен эжесинин ортосунан орун алган. Сооронбай Шарипович Хабибула Абдыкадыр өзүн “Жээнбековдордун үй-бүлө мүчөсү катары сезип” олтурушун каалаган. Дагы белгилей кетчү жагдай, А.Атамбаевдин жакын туугандарына инаугурация салтанатында катардагы орундуктар берилген.

КР Президентинин пресс-катчысынын буйтаган билдирүүсүн карап, анда айтылгандарга бийлик өзү ишенбегендей таасир калтырды. Катчы журналисттердин эң мыкты иликтөөсүнө жооп иретинде айла жок чара көрүүгө барган сыяктуу. Президент Жээнбеков Атамбаев сыяктуу элди дайыма алдай берүүгө мүмкүн эместигин элес албай калган окшобойбу. Президенттер менен парламенттер чече албаган нерселер бар. Эл-журт, мезгил жана тарых гана аныктаган нерселер бар”,-деп жазылган кайрылууда.

Мына, ушундай окурман! Эми кимисине ишенебиз? Сүрөттү жакшылап карасак, Хабибула Абдукадыр Сооронбай Жээнбековдун агасы менен эжесинин ортосунда отурат. Бирок, аны азыркы президент моюндабай, мурдагы президент Атамбаевге түртүп жатпайбы. Андагы сый адам Абдукадыр бүгүн «бечера» болуп, экөө тең өзүнө жолотпой жаткан кези…Табышмактуу Х.Абдукадырдын сүрөтүнө эки жыл болуптур, андагы инаугурацияга (бүгүн, 24-ноябрда) эки жыл толуптур.

Андагы дос, бүгүн кастын бири — тактыда, бири — абакта. Эки жылда эле бири-биринин абийирин ачат деп ким ойлоптур? Бардык чындык Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткенден кийин билинет окшобойбу. Ага чейин ушундай көрүнүш боло бере тургандай болуп калды…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.