Кечээ агасы инисин Кыргызстанда деди эле, иниси бүгүн чет өлкөдөн кайтып келатканын айтты…

Кечээ агасы инисин Кыргызстанда деди эле, иниси бүгүн чет өлкөдөн кайтып келатканын айтты…

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал боюнча билдирүүсүн депутат агасы Искендер Матраимов “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу таратты. Бирок, агасы буга чейин: “Кесиптешим Карамушкинанын айтканы калп, иним Райым Кыргызстанда эле”,-деген эле…

Райымбек Матраимовдун кайрылуусун толугу менен төмөндөн окуй аласыздар:

Урматтуу замандаштар!
Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясий топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү бардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү.
Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат.
А мен тууралуу “Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам.
Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам, мен өз өлкөмө кайтып келүү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын
”,-деп жазылган Р.Матраимовдун билдирүүсүндө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.