Видео — СУМАЯ: “Мейли апа, тоюп тамак жебесек, кымбат көйнөк кийбесек, бар болгону чогуу болуп баарыбыз, куса деген эмне экенин билбесек”

Видео — СУМАЯ: “Мейли апа, тоюп тамак жебесек, кымбат көйнөк кийбесек, бар болгону чогуу болуп баарыбыз, куса деген эмне экенин билбесек”

Интернеттен видеолорду карап отуруп, ушул тасманы таап алдым. Ушул жылдын 8-ноябрында жарыяланыптыр. Кичинекей кыздын каалоо-тилегенине караганда, үйлөнүү той окшойт. Эжесине каалоо-тилек айтып, “ажырашпагыла, ажырашсаңар балдарыңарга жаман болот”,-деп, бүтүндөй бир турмушту батырып койгон төрт куплет ыр айтты. Автору белгисиз. Бирок, кичинекей кыз өзү жазгандай. Себеби, ал башынан өткөн нерсени айтат ушул ыр менен. Аны ыйлап айтат, уксаң эми ыйлайсың. Жүрөгүң ооруйт, качан жашоо оңолуп, мигрант болуп кеткен энелер балдарынын жанына келет деп…

Алгач ырды окуп, анан видеосун көрүңүздөр:

“Сиңдими мен бакчасына алып бардым,

Бүгүн дагы сабагымдан кеч калдым.

Жаным апа, сиз кыжаалат болбоңуз,

Бүгүн бардык сабагымдан беш алдым.

 

Жаным апа, мен түшүмдөн көрөмүн,

Бек кучактап бетиңизден өбөмүн.

Сагынганда түнү менен ыйлады,

Апакелеп кичинекей бөбөгүм.

 

Энем айтты кечээ акча салыпсыз,

Кызыма деп кымбат көйнөк алыпсыз.

Кереги жок мага кымбат көйнөктүн,

Андан көрө өзүңүзгө алыңыз.

 

Мейли апа, тоюп тамак жебесек,

Мейли апа, кымбат көйнөк кийбесек,

Бар болгону чогуу болуп баарыбыз,

Куса деген эмне экенин билбесек.

Бийлик болсо мигранттардын балдарына эмес, акчасына кызыгып отурат…

Бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп миллиондогон адам жүрөт. Расмий маалыматка караганда, 1 млн. 200 миң мигрант Орусияда. Чет жакка ар ким ар кандай шарт менен кеткен жана дагы эле кетүүдө. Кыргызстанда жумуш жок болгондуктан, айла жок жогорудагы кыздарыбыздай балдарын багайын деп кеткендер бар. Айрымдары байып кетүү үчүн барат. Байыгандар ишкердик менен алектенип, өз өлкөсүнө акчалай колдоо көрсөтүп келет. Ошого көнүп алган бийлик алардын балдарын эмес, капчыгын карап отурат. Мына жакында эле, 19-ноябрда, Бишкекте өнөктөш донорлор менен жолугушуу болду. Ал жыйында учурдагы социалдык маселелер айтылды, өзгөчө аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалды. Ошондой эле айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, социалдык объектилерди салууга каражат табуу маселелери көтөрүлдү. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү фонддорун ачуу жана ага мигранттардан акча топтоо тууралуу айтты. Айла жок мындай суроо туулат: «Эмне бийлик аймактарды өнүктүрүү милдетин мигранттарга жүктөгүсү келеби?» деген…

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.