Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Жетекчиликке дайындалдым, бирок, ал “мамлекеттик кызмат” дегенге кирбейт”

Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Жетекчиликке дайындалдым, бирок, ал “мамлекеттик кызмат” дегенге кирбейт”

Бүгүн, 25-ноябрда Эмилбек Каптагаев КРнын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эмилбек Каптагаев элдин куттуктоолоруна рахматын айтып, барган кызматы тууралуу “Фейсбук” баракчасына жарыялап, аны абдан жакшы түшүндүрдү. Анда ал өзү демилгелеген Институтка 25 жылдан кийин айланып келип жетекчи болуп барганын жазган. Көңүл буруп, жакшылап окуңуздар, ал төмөндө:

Бүгүн Улуттук стратегиялык изилдөөлөр Институтуна жетекчиликке дайындалдым. Бул кызмат «мамлекеттик кызмат» дегенге кирбейт, иликтөө, изилдөө, анализдөө, прогноздоо, сунуш даярдоо дегендей илимге жакын кызмат структурасы.

Биздин элде «Ат баспайм деген жерин үч басат» — деген сөз бар эмеспи. Кызыгы, ушул Инстититуттун түзүлүү башатында тургандардын бири мен элем. Анткени 1993-жылы Өкмөттүн Аппаратында «Социалдык жана саясий анализ жана прогноздоо» деген бөлүм түзүлүп калды. Ошол бөлүмдүн биринчи дагы, акыркы дагы башчысы мен болдум. Бөлүмдү үч жылга жакын башкарып бир топ демилгелерди жасадык, анын ичинде этникалык өнүгүү саясаты боюнча (натыйжада «Кыргызстан элинин Ассамблеясы» жана «Достук үйү» түзүлгөн), диний кырдаалды жөнгө салуу саясаты боюнча (натыйжада Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн), алкоголдук өндүрүштү жолго салуу боюнча (натыйжада “КыргызАлко” мекемеси түзүлүп бул тармакка мамлекеттик көзөмөл коюлган), ошондой эле ушул азыр өзүм жетекчи болуп дайындалган Стратегиялык Институтту түзүү боюнча сунуштар даярдалган. Кийин Эларалык стратегиялык иликтөөлөр Институту түзүлүп мен жетекчилик кылган бөлүм жоюлган эле. Эми минтип учурунда өзүм демилгелеген Институтка 25 жылдан кийин айланып келип жетекчи болууну Жараткан буюруптур.

Бирок, бүгүн коомчулук бул Инсититут жөнүндө, анын бул жазмыштагы миссиясы жөнүндө эч нерсе билбейт, эч кандай маалымат жок. Ушунун өзү өкүнүчтүү. Бул кызматка макул болуумдун бир себеби ушул болду. Буюрса мындай ахвал жакын арада жоюлат, Институт өз ордун табат деп ойлойм”,-деп жазды Эмилбек Каптагаев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.