Күнболот Момоконов, журналист: “Райымга ырайымдуулук болбош керек!”

Күнболот Момоконов, журналист: “Райымга ырайымдуулук болбош керек!”

Журналист Күнболот Момоконов дайыма өзүнүн калыс сөзүн социалдык тармактарга жазып келет. Бу жолу дагы сынга катуу кабылып, Кыргызстанга кайтып келаткан Райым Матраимов жөнүндө жазды.

Жеп-ичип, түгөтүп, байып анан эле четке чыгып кетүү коррупционерлердин миссиясы эле болуп калды. Бийликтегилердин бир чоң артыкчылыгы ушул. Жемей, анан акырын кызматын өткөрүп тынч кетип калмай. Жоопкерчилик жокко эсе. Бизде бийликке умтулуу болуп көрбөгөндөй чекке жеткенинин себеби деле ушул. Бат баюунун эң шыр жолу деп түшүнөт, көптөр. А чындап келсе, там-туң баскан Кыргызстандын деңээлинде өкмөт, министр, депутат, директор дегениң жүрбөй калыш керек эле да.
Матраимовдун да актанганы ушундай эле кейипте экен. «Мен бажыга кайра барып иштөөдөн баш тартып, тынч оокатымды кылайын дегем, ага карабай каралап жатышат»
,- дейт. Демек, барбаганына, тынч отурганына карабай каралоо болуп жатса, чындыктын ак же көк экенинин этегине чыкпаганынын белгиси. Арам оокат, эл кусуру кусмайын, кайтарып бермейин өмүр өткөнчө уктатпайт. Муунга, урпакка тарайт. Карманганы, кайра барбай койгонунда экен. Биздин көз караштын деңгээлин түшүнүп алганын кара. Адатта биз, жеп кеткенин эмес, жеп-ичип тоюп анан алкымы ачылып олтуруп, акыркы чекте кармалып калган кезде, кызматын тапшырып берип кетип калганды: «Оо, буга кызмат керек эмес экен»,- деп баалайт эмеспизби. Мамлекеттик жазанын да жеткен чеги, кустуруу, жоопкерчилигин кароо эмес, анын кызматынан алып коюу өтө чоң жазалоо болуп саналат.
Ушунча кызматка жулунган, анын жоопкерчилигин сезген эмес, жанбакты, жалгыз керт баштын кулу болгонубуз анык болуп баратат. Кызмат үчүн, каның бир, жаның бир кыргыз экениң анык болуп турса да, ортоңдо бөлүп турган Ала-Тоону чек кылып, аны ит десең өзүңдү ит деп жатканыңды билбей кыргыз, бөлүнүп кызматтын кулу болуп келатабыз.
Райымга,
ырайымдуулук болбош керек!”,-деп бүтүргөн сөзүн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.