Видео – “Райым камалсын!” деген митинг учурда ал “Арзууда”,  Ак үйдөгү терезеден аңдыган чиновниктер болду

Видео – “Райым камалсын!” деген митинг учурда ал “Арзууда”,  Ак үйдөгү терезеден аңдыган чиновниктер болду

Бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн алдында “Reакция” аттуу тынчтык митингге эки миң адам чогулуп, бийликке талаптарын айтып тынч тарап кетишти. Аталган акциянын жүрүшү маданияттуу өттү. Алар акцияны баштаардын алдында Гимнибизди ырдашып, 2005-жылы, 7-апрелде окко учуп каза болгон балдардын эстелигинин алдына гүлчамбарларды коюшту.

«Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!»,  “Бийлик – бул биз”, “Райым камалсын!”  деп  жазылган плакаттар менен тырнактай сары кагаз (ал уюштуруучулардын айтымында, бийликке эскертүүнүн белгиси экен, эмки митингде кызыл кагаз алып чыгышат экен – авт.) жана Райым Матраимовдун сүрөтүн колдоруна кармап алып, “Райым түрмөгө камалсын!”,-деп кыйкырып жатышты. Ал аңгыча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев келип, Биринчи май райондук соту 13-ноябрга чейин митингге чечим чыгарып, тыюу салганын эскертип, митинг мыйзамсыз өтүп жатканын айтты. Уюштуруучулар менен кошо келген юрист, укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулова митинг мыйзамдуу өтүп жатканын, ал чечим мындай эмес, башка митингге тыюу салганын айтып, митингге келгендер бир сааттын ичинде тынчтык жолу менен узап кетишээрин кошумчалады. Бир жакшы көрүнүш, милиция көп болгон жок, саналуу гана болду. Жана элди Атамбаевдин убагындагыдай күч менен кууган жок. Аны өз көзүңүздөр менен төмөндөн көрүңүздөр:

Дастан Бекешев, депутат: «Ушундай окуядан кийин Райымды камаш керек!»

Элдин арасында Жогорку Кеңеш депутаттардан жалгыз Дастан Бекешев жүрдү. Ал дагы эл менен кошо Гимн ырдап, гүл чамбар коюп дегендей… Журналисттер жанын коебузбу, суроо салдык. Ал өзүнүн позициясын билдирди. Ал төмөндөгү тасмада:

Ак үйдөгүлөр эмне кылды?

Ак үйдөн эч ким чыккан жок. Эч ким чыкпай койгонуна мурдагы вице-спикер Асия Сасыкбаева айтып, нааразы болду. Бирок, терезеден аңдыгандар болуптур. Тагырагы, Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Эмил Бусурманкулов «ЧуйКоff» кофе ичүүчү жайында ысык чай ичип, терезеден аңдып отуруптур. Ал  видео социалдык тармакка тарады.

Райым Матраимов кайда болду?

Социалдык тармактагылардын жазганына таянсак, ал бүгүн “Арзуу” кафесинде болуптур. Ал бүгүн эртең менен Бишкекке чет өлкөдөн учуп келген. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүздөр:

И баса…

«Реакция» аттуу акцияга чыккандар: «Коррупционерлер камалмайынча тынчтык митингге чыга беребиз. Бул биздин биринчи эле кадамыбыз, дагы кадамдар болот!»,-деген сөздөрдү айтып тарашты. Бул деген бийликке коңгуроо, аны бийлик эске алышы керек! Маданияттуу митингге чыккандар маданияттуу эле болот экен, тазалыкты сакташты. Жерге кымындай да таштанды ташташкан жок. Андай мамилелерине «Тазалык» ишканасы да ыраазы болуп, рахматын айтып чыгышты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.