Депутат Канатбек Исаевдин генерал-майор агасы Талантбек Исаевге иш козголду

Депутат Канатбек Исаевдин генерал-майор агасы Талантбек Исаевге иш козголду

Бүгүн, 26-ноябрда генерал-майор, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын айтымында, Талантбек Исаевге “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын иши 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турганда каржылык маселеге байланыштуу иликтенүүдө.

Эске сала кетсек, Талантбек Исаевдин бир тууган депутат иниси Канатбек Исаевге «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалганда, ал ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчилигинен  (2017-жылы, 2-октябрда) өз ыктыяры арызын жазып кеткен. Кийин инисине карата кылмыш иши токтотулганда, ал кайра кызматына кайтып келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.