«Transparency International» «Миллионгейтке» байкоо салууда

«Transparency International» «Миллионгейтке» байкоо салууда

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган «Transparency International» эл аралык уюму «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдөн кийинки жагдайга жана анын айланасында болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнө жакындан байкоо салууда.

Эске сала кетсек, «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган. Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.

«Transparency International» уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында Кыргызстан бул тизмеде 132-сапка жайгашканын жарыялаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.