Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Мен ресторанда Раиса Атамбаева менен эмес, Роза Отунбаева менен жолуккам”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Мен ресторанда Раиса Атамбаева менен эмес, Роза Отунбаева менен жолуккам”

Баягы эле “Беспредел KG” аккаунту Өмүрбек Текебаевди 21-ноябрда ресторанда Раиса Атамбаева менен жолуктурган “жомогун” жазып чыкты. Тагыраак айтканда, “Роза Отунбаеванын баласы Атай Садыбакасовдун “Torro Grill I Bar” ресторанында Раиса Атамбаева менен Өмүрбек Текебаев чогуу олтурган”,- деп жазды.

Бул боюнча Өмүрбек Чиркешович 26-ноябрда жооп берди. Ал аталган ресторанга барганын танган жок. Бирок, Раиса Атамбаева менен эмес, экс-президент Роза Отунбаева менен жолугуптур. “Мен чындап эле ал ресторандан аялзаты менен жолуктум, ал Роза Отунбаева болчу. Мени түшкү тамакка чакырган экен. Ал жерде Раиса Атамбаева болгон эмес. Күбөлөрдөн, тейлеген кыз-жигиттерден сурап, видеокөзөмөлдү карап көрсөңөр болот”, – деди.

Өмүрбек Чиркешович эч качан калп айтпайт жана айткан эмес. Эптеп эле бир нерсени чаптап, каралаш керек да. Качан каралоону, качан бирөөнүн заказын жазганды, качан акча үчүн баарына барганды токтотосуңар? Миң жамандап, караласаңарда Өмүрбек Чиркешовичтин кылы кыйшайбайт. Анткени ал адам ак, таза, чоң тамгалуу инсан.

Нази БАЯН кызы

One thought on “Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Мен ресторанда Раиса Атамбаева менен эмес, Роза Отунбаева менен жолуккам”

  1. Эгерде Далили жок жазган журналист жооп бериш керек. Далили болсо тактап бериш и керек. Эмнеге калп деп эле калып кете береби. Журналист эмес элежалганчы ушакчылардын коому болуп калдынар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.