Видео — Атамбаевдин дагы бир шоопуру камакка алынды

Видео — Атамбаевдин дагы бир шоопуру камакка алынды

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Бишкекке келип, УКМКга суракка чакырылып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Эркин Сопоков 28-ноябрда суракка чакырылып, Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган. Сопоковдун кармалышы «Азаттык» радиосу жана «Kloop» сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиленген. Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болуп, каза болгон. Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул кандуу окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталып келген. Ал 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Ошол эле күнү анын кызматтан кетишинин эки себебин ТИМ атап берген. 15-ноябрда анын ишмердигин текшерүү үчүн УКМК, Башкы прокуратура жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган атайып жумушчу топ түзүлүп, Стамбулга жөнөп кеткен.

Сопоков Атамбаевдин кандайча шоопуру болуп калган?

51 жаштагы Сопоковду жакындан жакшы билгендер социалдык тармактарга жазып чыгышты. Анда: “Эркин Сопоков 2010-жылга чейин, Икрамжан Илмияновдон кийин Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп иштеген. Атамбаев президент болгондон аны кызматка көтөргөн. Президенттин иш башкармалыгынын “Ала-Арча” резиденциясынын директору болуп дайындалган. 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиядагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп бекиген. Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү шоопуру менен Айэркен Саймаитинин кандай байланышы бар экенин тийиштүү органдар эми кылдат текшериши керек!”, – деп жазылган. Чын эле анын өмүр баянына үңүлсөк, ал эмгек жолун айдоочулуктан баштаптыр, тагырагы, «Кыргызавтомаш» заводундагы айдоочу болуп, кийин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Сопоковдун баласынын коррупциясы Атамбаевдин суранычы менен жабылганбы? 

Эркин Сопоков жөнүндө сөз болгондо анын баласы, УКМКнын мурдагы опер кызматкери, 1993-жылы туулган Азамат Мамасалиевдин эки жыл мурунку видеосу жакында тарап, кылуу талкууга түшкөн. Ал видеодо күч органдары тарабынан 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда кармалганы бар. 2017-жылдын 13-мартта чыккан   видео (кармалгандагы тасманы көрөм десеңиз, видео деген жерди басыңыз) алгач Ютубга жарыяланган. Анын бул ишин андагы президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы менен жабылганы айтылган. Тагырагы, Сопоков Атамбаевге чалып, суранса, Атамбаев андагы УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүмбаевге (бул адам Атамбаевдин мурдагы жансакчысы) чалып, жаап коюшкан экен. Эки жыл видео жарыяланганда айрым депутаттардын да аты аталган. Алардын бири ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров. Сопоковдун баласы анын жардамчысы болгонун айрым журналисттер жазып чыккан.

Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ, ЖК депутаты: «Сопоковду тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го…» 

Т.Зулпукаров аны танбай, кандай болгонун айтып берген: «Азамат атасы менен болгон ызы-чуудан кийин арызын жазып кетип калды. Мурда КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген. Мен Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Ал киши менен мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, тыгыз байланышта иштегенбиз. Үй-бүлөсүн тааныйм. Сопоковду тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го«,-деген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.