Прокурор Жантөрө Сатыбалдиевди 11, Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү суранды. Аларга өкүм бүгүн чыгабы?..

Прокурор Жантөрө Сатыбалдиевди 11, Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү суранды. Аларга өкүм бүгүн чыгабы?..

Бүгүн, 27-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча сот уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өттү. Сот буга чейин соттук отурумдарда айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарын уккан. Бүгүн болсо айыптоочулардын (прокурорлордун) жыйынтыктоочу сөзүн укту.

Сотто прокурор Марат Кулжабаев Сапар Исаковго 15 жыл, Айбек Калиевге 17 жыл жана Жантөрө Сатыбалдиевди, Жолдошбек Назаровду, Салайдин Авазовду  жана Темирлан Бримкуловду 11 жылга кесүүнү суранды. Алардын баарынын класстык чинин, сыйлыктарын алып салууну, мамлекеттин пайдасына материалдык чыгымдарды (5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом) өндүрүп алууну сунуштады. Прокурор тарабынан ушундай сунуш айтылды. Өкүм бүгүн чыгабы?..

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында (бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз) башталып, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылып, азыркыга чейин абакта. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында. Бул иш боюнча 86 күбө суралды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.