ЖККУга катышуу үчүн Кыргызстанга төрт президент кечээ келди. Бүгүн Путин келет

ЖККУга катышуу үчүн Кыргызстанга төрт президент кечээ келди. Бүгүн Путин келет

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «РИА Новости» президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, Путин бүгүн Бишкекте өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн келет.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келген. Алар Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө максатын көздөгөн эл аралык уюм) сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Жыйын бүгүн башталат. Аталган уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылгандыктан, бизде өткөнү турат. ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.