«Атамбаев президент катары мурунку жана азыркыга караганда мыкты»,-дейт го адвокаты. Анын ушинтип айтканы туурабы?

«Атамбаев президент катары мурунку жана азыркыга караганда мыкты»,-дейт го адвокаты. Анын ушинтип айтканы туурабы?

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев бүгүн (29-ноябрда) өзүнүн «Фейсбуктагы” баракчасына ушундай деп жазып чыкты. Ал: “Чоң тамгалуу биздин президент”,-деп башталган. Адвокат орус тилинде жазганын толугу менен төмөндөн окуңуз:

Наш Президент с большой буквы!

Всё познается в сравнении. Он как президент лучший из всех бывших и настоящего. Время всему даст свою оценку, которая будет точнее, чем наша с вами оценка.

У Алмазбека Атамбаева были ошибки. Но он их признал открыто перед народом.

Кто безгрешен, совершенен — тот первым брось в него камень.

Адвокаттын ушинтип жазганы туурабы?

Замир Жоошев Атамбаевдин бүгүнкү сотко алынып келиши тууралуу да: “Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, аны алып чыгуу үчүн тергөө изоляторуна жаш балдарды киргизишиптир. Аларды ыңгайсыз абалга калтырбаш үчүн абалды туура түшүнүп сотко келиптирА чынында өз эрки менен келген жок, мажбурлап алып келишти, – деген.

Эми экс-президентке келсек…

Алмазбек Атамбаевдин дагы бир адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, экс-президентти бүгүн, 29-ноябрда Биринчи май райондук сотуна мажбурлап алып барышкан. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши тууралуу соттук отурум жабык эшик артында аз гана убакыт каралды. Себеби, тараптар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сураганына байланыштуу сот 6-декабрга жылдырылды.

Ушинтип жылып эле келатат. 15-октябрда, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алгачкы сот отуруму башталган. Ага чейин Атамбаевдин баш тартып койгонуна байланыштуу эки жолу (11-октябрда жана 15-октябрда) жылдырылган. Атамбаев: «менсиз эле сотту баштай бергиле” деген арыз жазып бергенин анын адвокаты Замир Жоошев билдирген. Ошентип баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз болуп өткөн.

Кадыр АТАМБАЕВ: “Атамды сотко алып келээрин билген эмеспиз”

Атамбаевдин кичүү баласы Кадыр Атамбаев сотко бүгүн атасын алып келээрин билбептир. Ал ММКлар аркылуу угуп, сотко келиптир. Ал: “сот эмес эле, соттомой” деп, сот жабык эшик артында болгондуктан атасын көрө албай жатканын айтты. Андан тышкары Атамбаевди колдоп, КСДПнын өкүлдөрү Кундуз Жолдубаева, Темир Султанбеков жүрдү.

Алты жыл мурун болгон окуя

Эске сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү «Манас» аэропортунда даяр турган самолет менен Чеченстанга учуп кеткен. Ал учуп кеткенден кийин ЖК депутаттары, андагы генпрокурор Аида Салянова жана коомчулук билген. Ал боюнча парламентте маселе көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында, иш жабык бойдон калган. Алты жылдан кийин кайра козголуп, минтип андагы президент Атамбаев баш болуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Ал иш боюнча Атамбаевдин өзүнө «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, абакка отуруп калды. УКМКнын тергөө абагында камакта. Ошол иш боюнча алты жылдан кийин суралып калам деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек?..

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.