Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ: “Өлкөнүн жана балдарымдын алдында тазамын”

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ: “Өлкөнүн жана балдарымдын алдында тазамын”

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо улантылды. Сотто мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөз сүйлөп, иликтөө калыс болбой калгандыктан күнөөнү мойнуна албай турганын баса белгилеп, судьянын адилеттүүлүгүнө үмүт артаарын айтты. Ошондой эле ал абийири өлкө алдында, балдары, неберелеринин алдында таза экендигин кошумчалады.

27-ноябрда прокурор Марат Кулжабаев Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранган.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында (бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз) башталып, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылып, азыркыга чейин абакта. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.