Видео — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Жээнбеков Атамбаевдин планын таш каптырып, аны токтотту. Эки жылы аны менен күрөшүүгө кетти”

Видео — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Жээнбеков Атамбаевдин планын таш каптырып, аны токтотту. Эки жылы аны менен күрөшүүгө кетти”

Бүгүн, 3-декабрда, Бишкектеги “Домас” отелинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы депутаттар: Феликс Кулов, Темир Сариев жана белгилүү коомдук ишмерлер катышты. Бардыгы Өмүрбек Текебаевди чоң тамгалуу инсандыгын жана саясатта олуттуу орду бар экендигин баса белгилешти. Аягында Өмүрбек Чиркешович сөз алып, ал оор кыйынчылыктарда колдоп бергендери үчүн аларга ыраазычылыгын билдирип, сүйлөй турган сөзү төрт бөлүктөн тураарын айтты. Биринчиси: “Elgezit.kg” порталы. Экинчиси: Диалог. Үчүнчүсү: Бүгүнкү саясий кырдаал жөнүндө. Төртүнчүсү: Биздин эртеңки күнүбүз жөнүндө. Он мүнөткө төрт бөлүктүк сөзүн сыйдырып, кыска, нуска, ары маанилүү, ары маңыздуу нерселерди айтты.

Диалогдо мен өткөн күндөрдү көп эстедим. Өткөндө бирөө: «Кимди көп эстедиң?»,- деп сурады. Берген интервьюларымды карасам, мен Атамбаевди көп эстептирмин. Бул китепте жакынкы тарых, демек, Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз болот. Биз партнер катары да, дос катары убагында Атамбаевдин туура эмес кылгандарын айтып, эскертип, аны оңдогонго аракет кылыппыз. Тилекке каршы, Атамбаев өзүнүн жеке бийлигин орнотуп, Констутицияны бузуп, тебелептепсеп, өзүм билемдик менен Кыргызстандын келечегине кол сала баштаганда, биз ага эскерткен экенбиз. Мына ушунун баары диалогдо камтылган. Зайнидин Курманов айткандай, тарыхты алдай албайсың. Бул өткөндү гана эстөө эмес, келечекке багытталган десем жанылышпайм. Бул тема бүгүн да актуалдуу, эртең да балким актуалдуу болот. “Кыргызстанда парламенттик башкаруу болуш керек. Бул биздин ишенимибиз”,- деп Атамбаев да, Жээнбеков да айтып жүрөт. Бирок, Атамбаев айткан сөзүнөн кайтып, 180 градуска бурулуп, тескери иш кылды. Парламентти “чимкирик” абалга жеткирип, өзүнүн жеке бийлигин орнотту. Сөзү башка, кылган иши башка болду. Ага тарыхтын берген баасын баарыбыз көрүп турабыз. Бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков да ар бир сүйлөгөн сөзүндө: “Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек”,- деп айтып келет. Бирок, иш жүзүндө Акаев түзгөн бийлик системасы бүгүн да иштеп жатат. Акаев супер президенттик башкаруу системасын киргизген, бүгүн ал система андан ары күчөп, супер система болуп жатат. Мына мен чыгып, элге аралашып жүрөм. Райондун деңгээлиндеги чече турган нерселерди дагы президенттин аппаратынын макулдук алыш керек экен же болбосо калыш керек экен. Бирок, кеч эмес деп эсептейм. Анткени Сооронбай Жээнбеков өзүнүн негизги тарыхый жана саясий аракетин жасады. Анын бул аракети Алмаз Атамбаевдин планын таш каптырып, аны токтотту. Эки жылы аны менен күрөшүүгө кетти”,-деди Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Чиркешовичтин айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот:

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.