Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Роза Исаковнанын айткандарынын контекстинен бир сөздү сууруп алып, жамандап жаткандарга таң калам”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: “Роза Исаковнанын айткандарынын контекстинен бир сөздү сууруп алып, жамандап жаткандарга таң калам”

«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов экс-президент Роза Отунбаеванын кечээ айткан сөзү тууралуу оюн “Азаттыкка” билдириптир. Анда ал Роза Исаковнанын элет жери үчүн күйгөн адам кантип айылдыктарды кемсинтсин деп, анын айтканы боюнча коомчулуктун реакциясын көрүп, зээни кейигенин баса белгилептир.

Ал жыйында мен да бар болчумун. Айткандарынын жалпы контекстинен бир сөздү сууруп алып, жамандап жаткандарга таң калам. Аны үстөккө-босток кылып эл душманына айлантып, социалдык түйүндөр жазып жатса, эмоцияга алдырды да. Ал деле адам да. Кантип эле Роза Исаковна айылдыктарды кемсинтейин десин?! Ал жайлоолорго канча деген бала бакча ачтырып, канча деген китептерди кыргыз тилине котортуп, өзүнүн фонду аркылуу дайыма элет жерине жардам берип, кыдырып жүрбөйбү. Болгону, ал эмоция менен айтып алды. Анын сөзүнүн төркүнүндө “бөлүнбөйлү, топ-топ болуп мамлекеттик институттарга буйрук берүү туура эмес, искусствонун тили башка” деген ойдун тегерегинде чакырык болгон”,- деген депутат А.Шыкмаматов.

Роза Исаковна өзү деле бүгүн, 4-декабрда BBC радиосуна маек берип жатып айтты го, “атайылап бирөө кесип алып, аны жайылтып жатат”,-деп.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-декабрда, Бишкектеги “Домас” отелинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачары болуп өткөн. Анда экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп, Өмүрбек Чиркешовичтин артыкчылык, кемчилигин айтып, андан кийин музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды искусствону туура түшүнүүгө жана аларды аң-сезимин өстүрүп, маданиятыбызды өнүктүрүп, бөлүнбөөгө чакырык таштаган. Бул сөзү да чуу болуп, дуу жаратты. Коомчулук экиге бөлүндү: бири жактап, бир жамандап дегендей. Роза Исаковнаны буга чейин жамандап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып келген айрым бир «ОБОНчу» аялдарга жага бербей, «обон» созуп эле жатып калды. Алар да өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп жаткан кези…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.