Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын”

Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөө боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы  билдирди.

Алардын маалыматына караганда, премьер-министр башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр изилдөөнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан да талап кылат.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК Мухамбеткалый Абылгазиев, Фарид Ниязов, Ширин Айтматова чакырыларын билдирген. ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов 3-декабрда, 2-декабрда ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов УКМКга чакырылып, сурак берип чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.