Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Коньюктуралык ызы-чуу бир нече күндөн кийин басылат, тарайт. А Роза Исаковна татыктуу болгон коомдогу ордун былк этпестен ээлеп кала берет”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Коньюктуралык ызы-чуу бир нече күндөн кийин басылат, тарайт. А Роза Исаковна татыктуу болгон коомдогу ордун былк этпестен ээлеп кала берет”

Журналист Динар Турдугулова “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жакшы маек куруптур. Анда кесиптешибиз экс-президент Роза Отунбаеванын дуу болгон сөзүнүн түпкүрүн жана ызы-чууну жараткан феминнале боюнча Өмүрбек Чиркешовичтен оюн сураптыр. «Роза Исаковна Кыргызстанды, кыргыз элин сыйлайт, сүйөт. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн өзүн тобокелге сала алат. Муну бир нече жолу Кыргызстанда болгон окуялар далилдеди. Анан ошондой адам кантип эле Кыргызстан элинин 70 пайызын түзгөн айылдыктарды кемсинтип сүйлөшү мүмкүн?!. Тигил же, бул сөздү жалпы контекстен жулуп алып, адамдын ниетине баа берүү туура эмес«,-дептир Өмүрбек Чиркешович. Кечиресиздер, мен дагы интервьюнун ортосунан жулуп алдым. Башынан баштап, жакшылап көңүл буруп, кунт коюп окуңуздар, туугандар!   

 — Өмүрбек Чиркешович, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмө коомчулукта чоң резонанс жаратты. Сын-пикирлердин деми али да басыла элек. Бул тууралуу кандай оюңуз бар?

— Музейде аялдардын укугун коргоо боюнча эл аралык акциянын алкагында БУУнун демилгеси, өкмөттүн макулдугу менен көргөзмө ачылыптыр. Бирок, андагы кээ бир экспонаттар, көргөзмө учурунда Даниядан келген актриса жасаган жорук кыргыз элинин менталитетине, каада-салтына туура келбейт. Биздин Конституция боюнча, кыргыз элинин каада-салты, нарк-насили Башмыйзам тарабынан корголот. Даниялык кыз жасаган кылык Кыргызстандын административдик Кодексинде да административдик жазага тартыла турган жосун катары мүнөздөлгөн.

— Жылаңачтанып чыккан кыздын жоругунан кийин, айрымдар экс-президент Роза Отунбаеваны да айыпташып жатышат. Негизи, буга ким күнөөлүү?

— Дүйнөлүк феминисттик кыймылда кийимин чече коюп, тигил же бул проблемага, тигил же бул акцияга көңүл бурдуруу Европада көп жылдан бери бар. Жылаңач кыздардын футбол талааларына чуркап чыкканын, Россияда чиркөөлөргө барып, эл аралык конференецияларга барып, жаңжал салып жүрүшкөнүн баарыбыз көрүп жүрөбүз. Бул метод эбактан бери белгилүү. Бирок, Кыргызстанда мындай көрүнүш болбошу керек. Бул мыйзамга дагы, биздин салт-санаабызга дагы каршы келет. Даниялык кыз өзүнүн пропагандалык, идеологиялык “бомбасын” жардырды да, кайра кете берди. А биз болсо бир жумадан бери ызы чуу болуп, бири-бирибиз менен урушуп жатып калдык. Бизде мамлекеттик коопсуздук кызматы (!) деген бар да. Анын милдети, негизги иши ушул сыяктуу эл аралык акциялдар болгондо, делегациянын курамын текшерип, арасында террористтик, экстремисттик шектендирген эч нерсе жокпу, койнунда котур ташы, же «бомбасы» жокпу, ушулардын баарын карап, өкмөткө, ошонун ичинде маданият, маалымат жана туризм министрлигине, музей жетекчилигине “этият болгула, арасында ушундай адамдар бар экен, жол бербегиле” деп эскертиш керек. Тилекке каршы, биздин УКМК мындай иштерди кылбай, саясый куугунтуктоо иши менен гана алек болуп жүрөт. Даниялык кыздын кылыгын кыргыз салтынын нормалары менен караганда, бул – экстремизмдин бир түрү. Экстремизм исламдык эле формада эмес, либералдык формада дагы болот.

— Демек, сиздин оюңузча, феминалеге жол берген негизги күнөөкөр УКМК?

— Биринчиден, уюштуруучулар күнөөлүү. Ар бир экспонатты, келген адамдардын кылык-жоругун алдын-ала билип, көзөмөлдөш керек болчу алар.
Экинчиден, министрлик менен музей директорунда да жоопкерчилик бар. Бирок, алардын жоопкерчилиги кызматтан алып, коркутуп-үркүтүүгө чейин жетпеши керек. Менимче, эң негизги жоопкерчилик УКМКда. “Экстремизмге каршы күрөшөбүз” десе, сакал коюп, дамбал кийгендерди эле эмес, кийимин чече тургандарды да аңдыш керек алар. Тиешелүү мекеме жетекчилерине эскертип туруш керек. Ал эми Роза Исаковна БУУ демилгелеп, өкмөт өткөрүүгө уруксат берген иш-чаранын ачылышына гана катышып кетти. Мен даниялык кыздын кылыгына Роза Исаковнаны айыптап, күнөөлөгөндөрдү түшүнбөйм.

— Музей директору Мира Жангарачеванын жоопкерчилиги аны кызматтан алуу менен чечилиши туура болдубу?

— Маданият, маалымат жана туризм министри ызы-чуунун жетеги менен чечим чыгарбастан, аны объективдүү иликтеп, ар кимдин жоопкерчилик даражасын аныктап, ошого жараша баа бериши керек эле. Министрликтин ызы-чуунун жетегинде калганын мен кемчилик катары эсептейм.

— Роза Отунбаева тууралуу талкуу даниялык кыздын кылык-жоругунан улам эле эмес, сиздин китебиңиздин бет ачарында сүйлөгөн сөзүнөн кийин да күчөдү. “Отунбаева айылдык-шаардыктар деп элди экиге бөлдү” деген кине коюлуп жатат…

— Биринчиден, Роза Отунбаева – кыргыздар сыймыктана турган инсан. Регионалдык жана дүйнөлүк деңгээлде Отунбаевадай таанылган жана авторитетке ээ болгон саясатчы Кыргызстанда башка жок. Аялдардын эле эмес, эркектердин арасында да жок. Роза Исаковнадай саясатчы менен элибиз, бүткүл кыргызстандыктар сыймыктана алышат.
Экинчиден, мен Роза Исаковнанын жанында көп жылдардан бери чогуу жүргөн адам катары айтам, ал Кыргызстанды, кыргыз элин сыйлайт, сүйөт. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн өзүн тобокелге сала алат. Муну бир нече жолу Кыргызстанда болгон окуялар далилдеди. Анан ошондой адам кантип эле Кыргызстан элинин 70 пайызын түзгөн айылдыктарды кемсинтип сүйлөшү мүмкүн?!. Тигил же, бул сөздү жалпы контекстен жулуп алып, адамдын ниетине баа берүү туура эмес. Мен ошол жерде катышып отурган адам катары мындай дейт элем: Китептин бет ачаарына чакырууга Роза Исаковна бир күн мурун келе албасын айтып, “Өмүрбек, китебиңдин бет ачаарына мен бара албайм, музейдин чыры менен башым ооруп турат” деп жазып жиберди. Мен күткөн эмесмин. Бирок, Роза Исаковна келди. Келип, жаныма отуруп, “келдим, бирок сүйлөбөйм, мага сөз бербегиле” деп айтты. Феликс Шаршенбаевич сөз алып сүйлөп, “Роза Исаковна, экс-президент катары сизди сыйлашым керек эле, алдыңызга өтүп кеткеним үчүн кечирим сурайм, чыгыңыз, сүйлөңүз” десе да, Отунбаева дагы сүйлөөдөн баш тартты. Анан, ал сүйлөп бүткөндөн кийин эле модератор “келиңиз, сүйлөп коюңуз” деп жарыя кылып жибергенден кийин, ал чыкканга мажбур болду. Отунбаева китеп жөнүндө, мен жөнүндө сүйлөдү.
Мен киммин? Мен ким экенимди өзүм айтайын. Атам айылдык, апам айылдык, өзүм айылдыкмын, бир туугандарым айылдык, башка туугандарым да айылдыктар. Азырга чейин баары айылда жашашат. Мен шаарга 36га чыкканда, 1995-жылы келгем. Ошондон бери шаарда болгонума карабастан, менин жашоо образым, катышкандарым, досторум, адаттарым, кылык-жоруктарымдын баары айылдык. Мен эле эмес, ал жерде (китептин бет ачаарында) отургандардын баары айылдыктар. Роза Исаковна да айылдык. Кыргыздын мыктыларынын көбү айылдыктар. Кантип Отунбаева ошол жерде отургандарды кемсинтиши мүмкүн? Мен шаарга жаңы келгенде орусча да жакшы билбейт элем. Роза Исаковна мен жөнүндө айтып келатып, “Өмүрбек айылдан келген мугалим. Анын бир жакшы жагы бар. Артыкчылыгы – бул көп окуйт, көп ойлонот, көптү билгенге аракет кылат” деп, мисал келтирип, анан ошондон улам музейдин айланасында “жаңжал” салып жаткандарга айтты. “Биз кыргыз эли бөлүнүп жатабыз. Мурун түндүк-түштүк болуп бөлүнсөк, азыр айылдык, шаардык болуп бөлүнүп жатабыз. Маданиятыбыз, түшүнүгүбүз боюнча бөлүнбөйлү, ыдырабайлы, бир бололу, айылдан көп адамдар шаарга келип жатат. Маданиятыбызды көтөргөнгө аракет кылалы. Өскүлө, өркүндөгүлө, биздин ортобузда айырма болбосун, бизди ошондо эч ким бөлө албайт” деген ойду айтты. Бул сөз бүгүн эле айтылып калган сөз эмес. Аны Роза Исаковна өз иши менен далилдеп келе жатат. Роза Исаковна чет элдик китептерди кыргызчалап, өзгөчө балдарга таратып келатат. Эң алыскы айылдарга, жайлоолорго чейин барып, балдар бакчаларын ачып, алардын билим алышына шарт түзүп жатат. “Манастын” балдарга арналган вариантын кыргызча эле эмес, орусча чыгарып, мектептерге таратып жатат. Роза Исаковнанын айткан сөзү кылган ишине дал келип, төп келип отурат го. Ооба, орусча айтканда, айылдыктарга айткан кеңеши бир аз “не удачно” айтылып калды. Бирок, биз адам жаңылса, мүдүрүлсө, тепселеп кетпешибиз керек. Адамдын өмүр баянын, кылган ишин, мындан кийинки кыла турган иштерин карап, баа беришибиз керек. Эми бул ызы-чуу коньюктуралык ызы-чуу. Бир нече күндөн кийин басылат, ызы-чуу тарайт. Бирок, Роза Исаковна өзү татыктуу болгон коомдогу ордун былк этпестен ээлеп кала берет деп ишенем.

Маектешкен Динар ТУРДУГУЛОВА, Aryba.kg

Эскерте кетсек, 3-декабрда, Бишкектеги “Домас” отелинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачары болуп өткөн. Анда экс-президент Роза Отунбаева сүйлөп, Өмүрбек Чиркешовичтин артыкчылык, кемчилигин айтып, андан кийин музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды искусствону туура түшүнүүгө жана аларды аң-сезимин өстүрүп, маданиятыбызды өнүктүрүп, бөлүнбөөгө чакырык таштаган. Аны түшүнбөгөн, бөйрөктөн шыйрак чыгарып келген айрым бир «ОБОНчу» аялдарга жага бербей, «обон» созуп эле жатып калды. Алар өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп жаткан кези…

Китептин бет ачарына катышып, Роза Исаковнаны сөзүн башынан аягына чейин уккан депутаттар: Алмамбет Шыкмаматов менен Рыскелди Момбеков да коомчулукка жакшы түшүндүрүп беришкен.

4-декабрда Роза Исаковна өзү деле айткан сөзүн толук бербей, кесип берилгени үчүн түшүнүк туура эмес жаралганын BBC радиосуна маек бергенде айтыптыр. Ал төмөндө:

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.