Видео – “700 миллион эмес, 7 тыйынга тиешем жок”,-дептир Райым Матраимов. Ким ишенет?

Видео – “700 миллион эмес, 7 тыйынга тиешем жок”,-дептир Райым Матраимов. Ким ишенет?

Бүгүн, 6-декабрда “Раим-миллион” атыккан Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов УКМКга экинчи жолу келип, сурак берди. Анда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакуновду жана экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергенин айткан. Ошондой эле ал Стамбулда киши колдуу болгон жеке ишкер Айэркен Саймаити тааныбасын жана 700 миллион эмес, 7 тыйынга тиешеси жок экенин айтыптыр. Аны төмөндөгү “KyrgyzToday.kg” сайты тарткан видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында жарыкка чыгып, дүң болгон. Ал иликтөөдө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аркылуу күмөндүү жол менен Кыргызстандан чыгарылып турганы айтылган. Ошол иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКга 29-ноябрда чакырылган.

21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени”деген иликтөө жарыяланган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.